Өлкөдөгү мектептерди интернет менен камсыз кылуу сунушталды

Өлкө аймагындагы мектептерди толук түрдө интернет менен камсыз кылуу сунушталууда. Ал үчүн бюджеттен 100 миллион сом керектигин депутаттар Бюджет жана финансы комитетинде айтышты. "Жогорку Кеңештин чыгашаларын оптимизациялоодо эле канча каражат үнөмдөлүп калып жатат. Жаңы мектептерди салып эле токтобостон, ошол эле учурда балдардын жакшы, сапаттуу билим алуусу үчүн 100 миллион сом жумшап ар бир мектепти интернетке туташтырып койсок болот. Орусияда билим берүүнүн түрлөрү жаңы этапта. Бир эле мугалим 20 мүнөттө санариптик телекөрсөтүү аркылуу Орусиядагы окуучуларга сабак өтүп коёт. Бизге ал үчүн 200 миллион сом керек экен. Жалпы жонунан 300 миллион керек",- дешти депутаттар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан