"Аалам периси-2015" сынагынын уюштуруучулары алып баруучунун жаңылыштыгынан таажынын башка кызга кийгизилиши боюнча кечирим сурашты

Лас-Вегас шаарында өткөн сынакта филиппиндик Пия Алонсо Вуртсбах "Аалам периси-2015" наамын жеңип алды. Бул тууралуу 21-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Сыйлык тапшыруу учурунда алып баруучулукту аркалаган актёр Стив Харви адашып кетип, сулуулар сынагын колумбиялык Ариадна Гутиере жеңгенин жар салган. Ага таажы кийгизилгенден бир нече мүнөт өткөндө алып баруучу жаңылыштык кеткенин айткан. Андан кийин колумбиялык сулууга кийгизилген таажы чечилип, кайра 26 жаштагы Вуртсбахка кийгизилген. Бул боюнча сынактын уюштуруучулары интернеттеги социалдык баракчасына "түз эфирде адам кемчилик кетириши мүмкүн" деген билдирүү жазып, колумбиялык жана филиппиндик сулуулардан, алардын жакындарынан жана күйөрмандарынан кечирим сурашты.

Пия Алонсо Вуртсбах Германияда туулган. Филиппин-немис модели катары таанымал болгон сулуунун Филиппиндин президенти Бенигно Акино III менен байланышы бар деп айтылып келет. "Аалам периси" наамын алуу үчүн 80 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bulak
2015-12-21 15:02:19
Колумбиялык сулууга "минута славы" болуптур да бир нече мунот таажы кийип алыптыр.
+1
asad345
2015-12-21 15:34:16
Специально кылыштыго , бул жерде бир мандем бар
0
gul91
2015-12-21 16:03:53
asad345, men da owentip oiliom,tem nolee prezident menen bailanywy b.so...
0
aku
2015-12-21 22:22:08
Сулуу болгон кандай сонун.
0
dicha80
2015-12-21 22:49:16
Биздин сулуу кандай наам алды экен..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан