Өкмөт башчы: "Бюджеттин тартыштыгын жоё албайбыз"

"2016-жылдын республикалык бюджетинин тартыштыгы 22 миллиард 453 миллион сом деңгээлине жетет. Биз бул тартыштыкты жоё албайбыз",- деди өкмөт башчы Темир Сариев. Өкмөт башчы бул тууралуу "Республика-Ата Журт" фракциясынын 21-декабрда өтүп жаткан жыйынында айтты. Анын билдиришинче, өкмөт жыйнаган каражат ири долбоорлорду каржылоого жетпейт.

"Биз өзүбүз жыйнаган каражат чыгашалардын баарын жабууга жетет, бирок ири долбоорлорду каржылай албайбыз. Ошондуктан биз тартыштыкты жоёбуз десек жол салуу, жылуулук системдерин салуу токтотулат. Биз 1 пайызга жетпеген насыяларды 40 жылдык мөөнөткө чейин алып, инфраструктураны жакшыртып, экономиканы көтөрүп алышыбыз керек. Каржылоо булактары табылган",- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан