"Эмнеден коркуп, эмнеге башыңарды жерге саласыңар?"- деп өкмөт башчы Темир Сариев "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында өкмөт мүчөлөрүн катуу сынга алды. Жыйында "КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жаткан.
Фракция мүчөлөрү: "Быйылкы жылдын эсебиндеги 345 миллион сом учурда пайдаланылбаптыр. Жаңы жылга 9 күн калды, аны эми кайда жумшайсыңар?"- деп суроо салышты. Каржы министри Адылбек Касымалиев: "Жыл аягына чейин иштетебиз",- деп жооп берди.
Министрдин мындай жообуна өкмөт башчы Темир Сариев канааттанбагандыктан, катуу ачууланды.