Кечээ, 20-декабрда "Тогуз-Булак" тоо-лыжа базасында электр энергиясы убактылуу өчүрүлгөн. Буга байланыштуу электр тогунун жардамы менен тоо боорун көздөй жылган асма жол (канатная дорога) токтоп калган. Бул учурда атайын техника асма жолду айландырып турушу керек болчу, бирок эс алуучуларды өйдө-ылдый ташыган шайман 20га чукул эс алуучуга кызмат кылып жатып иштебей калган. Бул окуяны жергиликтүү интернет-форумдарда талкуулашып, сүрөттөрдү жарыялап жатышат.
Маалым болгондой, эс алуучуларды ташыган асма жол 2 сааттай иштебей турган. Үшүп калбоо үчүн айрымдар өзүлөрү жерге түшүп кетишкен. Айрымдарын альпинисттер алып түшүшкөн.