Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган сынактын Баткен боюнча жеңүүчүсү болуп 13 жаштагы Адилет Сайдилаев табылды.
Адилет Сайдилаев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Исхак Раззаков атындагы лицейде 7-класста окуйт. 13 жаштагы окуучу эмгегинде кыргыз жеринин баркына жетүү керектигин, байлыктарын сактап, экономиканы көтөрүүгө үгүттөгөн ой-пикирин жазган. Сынакты Баткен боюнча "7-канал" телеканалы жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.
Жеңүүчүнүн дил баянын сунуштайбыз:
"Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм"
Кыргызстан - менин мекеним. Мен Кыргызстандын мекенчил уулумун. Менин жерим - жер соорусу, мекендердин бейиши. Ала-Тоону мекендеген Манастай баатыр элдин урпактарыбыз. Бабаларымдын батасы менен эл көгөрөт. Мекеним чегине көз жетпеген кооз арча, кайыңдар менен курчалган. Суусу мол, баба дыйкандын эмгеги зор, түрдүү жемишке бай. Молдо Кылыч баяндагандай, Чүйдөй жерим дагы бар. Жайыты малга ыңгайлуу. Мал багуу менен тиричилик өткөрүп, мал этинен түрдүү тамак даярдап, конок күткөн берешен менин элим.
Алакандай кыргыз элим байыртадан ынтымактуу, ар-намыстуу, гумандуу болуп: "Бөлүнбө, кыргыз, бөлүнбө, бөлүнсөң бөрү жеп кетет. "Бөлүнүп кетти кыргыз" деп, бөтөн элге кеп кетет",- деп элдин ынтымагын кыргыздын эң жакшы накыл кептери менен сактап тарбиялап келген.
Мен дагы элимдин макал-лакаптарын, жомокторун окуп бой тартуудамын. Менин эн башкы максатым - эр жетип, элиме ак кызмат кылуу, өз эли үчүн жанын үрөп кызмат кылган жергемден чыккан улуу инсандар
А.Орозбеков, И.Раззаков, А.Масалиев. Т.Кулатов сыяктуу ак кызмат өтөө. Күн санап өсүп жаткан калкымдын саны мени өтө кубандырат. Ошону менен бирге эле элимдин көйгөйү болгон экономиканы көтөрүү, жумушсуздукту жоюу, элимдин ден соолугу, экологияны сактоо, чек араны тактоо да ойлондурат.
Кыргызстандын келечеги биз сыяктуу жаштардын колунда. Эгерде биз терең билим алып, кен байлыктарды иштетип, элибиздин керегине жарап, экономиканы көтөрүп, жашоо шартыбызды оңдосок, биз да эң бай, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошулабыз. Ушундай өнүккөн кыргыз эли деген атка жетүү үчүн, албетте, биз эне тилибизди сакташыбыз керек, себеби тил болсо, улут болот. Улут болсо, мамлекет болот эмеспи. "Элди бузгуң келсе, дилин буз" деген кеп бар.
Элибиздин аброюна шек келтиргендер да жок эмес, бирок биздин эл андай эл бузарларга жол бербейт. Элимдин тили да, дили да айкалышып, кылымдарды карытып келе жатат.
Андан көрө, келгиле, курдаштарым, кыргыз элибизди сактап калыш үчүн, Кыргызстандын экономикалык күч-кубатын чыңдаш үчүн аракеттенели! Болгон билимибизди, акылыбызды, жөндөмүбүздү, мүмкүнчүлүгүбүздү, кыргыз эли үчүн, мамлекетибиз үчүн жумшайлы. Эл-журттун алдында, калайык калктын алдында атуулдук парзыбызды аткаралы.
Манас бабабыз Ала-Тоону, касиеттүү Ысык-Көлдү кандай сактап келсе, анын укум-тукумдары кыргыз тилин, жерин, атын сактоого сөз беребиз.