* Мындан 57 жыл мурун, 1958-жылы карапайым мугалимден ЖКнын төрагалык кызматына чейин жеткен саясатчы, “Ата Мекен” социалисттик партиясынын төрагасы, депутат Өмүрбек Текебаев Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин бүтүргөн. 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эмгек ишмердүүлүгүн 1981-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Токтогул атындагы орто мектепте физика мугалими болуп иштөөдөн баштаган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Чүй облусунун Сокулук районунда тоок фабрикасы өрттөнүп, 10 миң тоок күйүп кеткен. Өрт электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан. Аны өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү унаа катышкан. Ошондой эле тилсиз жоонун кесепетинен тоок фабрикасынын 900 чарчы метр шыбы күйгөн.
* Мындан 78 жыл мурун, 1937-жылы орус жазуучусу Эдуард Успенский Москва облусундагы Егорьевск шаарында туулган. Ал көпчүлүккө “Крокодил Гена жана анын достору”, “Чебурашка жана анын достору” сыяктуу балдарга арналган чыгармалардын автору катары таанымал. Анын белгилүү каармандары крокодил Гена, Чебурашка, мышык Матроскин ж.б.
Чындыгында эле Чебурашка – ойдон чыккан каарман. Бир жолу жазуучу Эдуард Успенский көчөдөн капилет кичинекей кызды көрүп калган. Өзүнөн чоң көлөмдөгү тон кийген кыз улам этегин басып жыгылып жатканынан аны ата-энеси эркелетип Чебурашка деп аташкан. Ошондо жазуучу Чебурашка деген табышмактуу жандыкты ойлоп тапкан.
* Мындан 53 жыл мурун, 1962-жылы англиялык актёр Рэйф Файнс Англиянын Ипсуич шаарында туулган. Рэйф Файнс актёрлук карьерасын театрда баштаган. Актёр "Грозовой перевал", "Список Шиндлера", "Английский пациент", "Мстители", "Онегин", "Чудотворец", "Красный дракон", "Преданный садовник", "Гарри Поттер и Кубок огня", "Гарри Поттер и Орден Феникса", "Герцогиня", "Битва титанов", "Гарри Поттер и Дары Смерти" ж.б. тасмаларда роль жаратып, "Оскар", "Алтын глобус", BAFTA ж.б. сыйлыктарга көрсөтүлгөн.
22-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.