22-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт.
Чүй облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -14°C
Талас облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -15°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +7°C, түнкүсүн -8°C
Баткен облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -8°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +5°C, түнкүсүн -15°C
Нарын облусу. Күндүз -10°C, түнкүсүн -25°C
Бишкек шаары. Күндүз +5°C, түнкүсүн -11°C
21-23-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн унаа жолдору тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Мындай аба ырайы автоунаа жолдорунун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.