Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-декабрда Орусия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кеңири курамдагы сессиясына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө дүйнөдөгү азыркы кырдаал жана уюмдун мындан аркы аракеттери тууралуу пикир алмашуу болду. Жыйынтыгында төмөндөгү документтерге кол коюлду:
1. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын дүйнөдөгү азыркы кырдаал жөнүндө билдирүүсү;
2. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы жөнүндө” чечими;
3. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун туруктуу иштеген жумушчу органдарынын кызмат адамдарын ротациялоо жөнүндө” чечими;
4. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун катчылыгынын 2015-жылдагы ишмердигин каржылоо чыгымдарынын сметасында айрым беренелер (подстатьялар) боюнча ассигнованиелерди кайрадан бөлүштүрүү жөнүндө” чечими.
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кеңири курамдагы сессиясы аяктагандан кийин Армениянын президенти Серж Саргсян менен ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө кезектеги жыйындын жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти.