Кыргыз өлкөсү менен Япониянын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу жана кеңейтүү талкууланды

Бүгүн, 21-декабрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты, Япониянын Либералдык-демократиялык партиясынын мүчөсү Кадзунори Танака баштаган делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу жана кеңейтүү боюнча сөз жүрдү. Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасы Япониянын жакындан көмөк көрсөтүп келе жатканын белгилеп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди. Ошондой эле премьер-министр Япония кыргыз жериндеги ачык-айкын, биометрикалык маалымат топтоонун негизинде парламенттик шайлоону өткөрүүгө чоң салым кошконун билдирди. “Япония абдан ойлонулган, так, деталдуу жана өз убагында жардам көрсөтүп келет. Биз эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтип, инвестиция жана Япония-Борбор Азия форматындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”,- деди Темир Сариев.

Япония парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты Кадзунори Танака өз өлкөсү Кыргыз Республикасы менен алакага чоң маани берерин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан