Бүгүн, 21-декабрда Бишкектеги Улан-2 кичи районунда милиция кызматкерлери бомба издеп, 9 кабаттуу үйдүн жашоочулары эвакуацияланышты. №2/13-үйдүн бардык жашоочулары сыртка чыгарылышты. Шек жараткан баштык табылып, сапёрлордун келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Айта кетсек, кечээ, 20-декабрда эртең менен милиция кызматкерлери "Манас" Эл аралык аэропортунда жарылуучу затты издөө иштерин жүргүзүшкөн.