Асылбек Жээнбеков Япониянын парламенттик делегациясын кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 21-декабрда Япония парламентинин Өкүлчүлүк палатасынын мүчөсү Кадзунори Танака башында турган делегацияны кабыл алды.

Тараптар эки жактуу кызматташуунун абалы менен келечегине байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбеков түзүлгөн кыргыз-япон мамилелеринин деңгээлине канааттанарын билдирди. “Япония - демократияны курууда Кыргыз Республикасынын маанилүү өнөктөшү. Акыркы мезгилдерде Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы мамилелерди бекемдеген эки тараптуу иш сапарлардын динамикасы өстү”,- деген төрага 2015-жылдын октябрында Япониянын премьер-министри Сидзо Абэнин кыргыз жерине болгон иш сапарынын тарыхый маанисин баса белгиледи.

А.Жээнбеков Япониянын премьер-министринин эки жактын кызыкчылыктарын эске алуу менен ар кайсы тармактагы ар тараптуу кызматташууларды активдештирип, өнүктүрүү боюнча япон тараптын ниети жөнүндө жасаган маңыздуу билдирүүсүнө токтолду. “Япониянын премьер-министринин Бишкекке болгон иш сапарынын алкагында инвестициялык форум өттү. Бул мамлекеттер аралык диалогдун күн тартибине соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн өзгөчө орду коюлган. Эки өлкө ортосундагы эки жактуу экономикалык байланыштарды өркүндөтүү зарыл. Биздин өлкө жетекчилиги чет элдик ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатын койгон. Акыркы жылдардагы ырааттуу, дыкат ойлонулган саясаттын натыйжасында кыргыз өлкөсү парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен туруктуу өнүгүүнүн жана терең реформалардын жолуна чыкты. Мындай кайра курумдар мыйзам үстөмдүүлүгүн, мамлекетибиздин ар бир жаранынын кызыкчылыктарын коргоону, эркин ишкердикти, аны менен катар чет элдик инвесторлордун эркин иш жүргүзүүсүн камсыз кылуусу керек”,- дейт төрага.

А.Жээнбеков Япониянын кыргыз өлкөсүнө өкмөттүк программалардын алкагында эле эмес, ар кайсы эл аралык каржы институттары аркылуу берип келген каржылык жана техникалык туруктуу жардамдарына жогору баасын берди. “Социалдык багыттарды көздөгөн мындай колдоо конкреттүү милдеттерди чечүүдө жогорку натыйжалуулугу менен айырмаланып турат”,- деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде Кадзунори Танака Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүк мамилелерди өрчүтүүгө болгон япон тараптын кызыкчылыгын билдирди. Ал эки жактуу иш сапарлар келечекте мамлекеттер менен парламенттер ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө дем берерине бекем ишенерин айтты. “Биз Кыргыз Республикасына Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин болуп өткөн иш сапарын өнүктүрүүгө келдик. Кыргыз мамлекетинин инфраструктуралык жактан өнүгүшүнө өзгөчө маани берерибизди белгилегим келет. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында кол коюлган эл аралык маанидеги автомобиль жолдорун калыбына келтирүү жана “Манас” Эл аралык аэропортуна техникалык жактан жабдуу боюнча эки тараптуу гранттык макулдашууларды ишке ашыруу буга натыйжалуу жардам болуп берет”,- дейт К.Танака.

Эске салсак, парламенттик делегациянын курамында Япония парламентинин Өкүлчүлүк палатасынын мүчөлөрү Минэюки Фукуда, Еити Анами, Яеи Кимура бар. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Алиярбек Абжалиев, Эльвира Сурабалдиева жана Япониянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан