Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 21-декабрда Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Орусиянын президенти Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, тараптар байма-бай жолугушуп, түрдүү маселелерди талкуулап жатышканын белгиледи.
“Биз достор болгондуктан, байланыштарыбызды мындан ары тереңдетүү үчүн аракет жумшоого даярбыз. Биз тез-тез жолугушуп турабыз, анын ичинде интеграциялык кызматташуунун алкагында дагы бул жагдай көбүрөөк пикир алмашууга түрткү берет”,- деди Владимир Путин.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн ортосундагы макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ыраазы экендигин билдирди. Президент Жаңы жыл алдында дайыма жакшылыктан үмүт кыларын айтты. “Келерки жылы улуу Орусия элинин дагы, биздин элибиздин дагы иши илгерилей беришине Жараткан жол ачсын”,- деди өлкө башчысы.
Жолугушуунун жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин эки тараптуу кызматташуунун өз ара кызыгуу туудурган актуалдуу маселелерин жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.