Кара-Суу районунда катуу жааган кардын кесепетинен ички чарбалык жолдор жеңил унаалар үчүн буулуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Ош облусунун Мады айылдык аймагында 20-декабрда калыңдыгы 40-50 сантиметр кар жаап, Папан, Лаглан, Тээке, Кызыл-Ой айылдарынын ички чарбалык жолдорунда (23 чакырым жери) жеңил автоунаалардын каттоосуна мүмкүнчүлүк болбой, жол жабылып калган. Ал эми оор унаалар каттай алышат.
Учурда айылдык аймак тарабынан жолду тазалоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү иштери каралып жатат.