"Манас" аэропортуна туристтер үчүн казино ачылат. Бул тууралуу 22-декабрда өкмөт башчы Темир Сариев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети тарабынан уюштурулуп жаткан парламенттик угууда айтты. Бирок казино жабык түрдө болуп, ага туристтер гана кире алышат.
"Бизде нефть, газ жок болгондуктан, негизги багыт катары туризмди карап жатабыз. Туристтер көңүл ачуучу жайлары жок болсо келишпейт экен. Ошондуктан жабык түрдө казино ачууну карап жатабыз. Туристтер аэропортко учуп келип, ошол жерден ойноп, кааласа андан ары учуп кетишет",- деди Сариев.