Украинада жолбун ит 20 жаштагы кызды жылытып, өлүмдөн сактады

Украинада жолбун ит 20 жаштагы кызды өлүмдөн сактады. Бул тууралуу орус басылмаларынын бири бүгүн, 22-декабрда жарыялады. Маалыматка караганда, Полтава шаарында айдоочу окуусуна бара жаткан студент кызды унаасы менен сүзүп, анан өлгөн экен деп, кылмыштын бетин жашыруу үчүн аны шаар четине таштап кете берген.

Бул ишти иликтеп жаткан укук коргоо органдарынын айтымында, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жаткан кызга жолбун ит келип, үстүнө жатып жылыткан.

"Качан тийиштүү кызматтар жардамга келгенде, студент кыз тирүү экени белгилүү болгон. 20 жаштагы кыздын учурдагы абалы туурасында маалымат айтылган эмес. Бирок ал оор жаракаттарды алганы маалым. Бүгүнкү күндө Украинанын укук коргоо органдары жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуну издөөдө”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Ailo
2015-12-22 11:24:10
Адам баласы Иттен да томон болуп калдыбы(?
+14
kasymov_10
2015-12-23 00:24:56
Ailo, тан алыш керек
0
tabyshmak
2015-12-22 11:25:15
Жакшы жеп салбаптыр. Оозун ача албай калган го чамасы жанагы ит... Болбосо ачкалыктан жеп баштаганда озу жаракат алып, чала жан болуп аран жаткан кыз итке каршылык корсото алмак эмес.
-13
Aselim
2015-12-22 11:38:53
tabyshmak,төө десе бээ деп койдунар)))
0
bekos2012
2015-12-22 11:44:30
Aselim, Төө десе камаз дептир го tabyshmak
+3
Bonia9189
2015-12-22 13:17:49
Aselim,
0
Abdyrashit.Satylganov
2015-12-22 11:52:07
tabyshmak, Мен Комментарийңди эки жолу окуп дагын. Маанисин эч түшүнбөй койдум .
0
Rifle_2
2015-12-22 15:54:14
Алма жеп жатып жазган окшойт.
0
samira8589
2015-12-23 17:26:29
Abdyrashit.Satylganov,мен да эки жолу окудум
0
realliver
2015-12-22 12:43:39
tabyshmak, уот артист
+1
BakytAliev
2015-12-22 13:08:09
tabyshmak, 3 бурчтук 4 бурчтук эле жазып койдунуз э
+2
bolotbai3
2015-12-22 20:09:12
tabyshmak, хаха ха ха,кайра кайра окуп алып эч бир тушунбой койдум жазганына.Аябай кулуп алдым озун да тушунбой калсан керек ээ жазгандарына.
0
aza.kg007
2015-12-23 02:39:25
tabyshmak, окубай суроттон карап эле коментари жазып койгонсунго !!
менимче итда ушугон оло элек кыздын жаны ыссык болгон ошон учун жатып алса керек тируу калганы жакшы болуптур
0
Abdyrashit.Satylganov
2015-12-22 11:54:29
Ит адамдын досу да... Бул да жараткан дын бир керемети го. Баардыгы алланын буйругу
+4
Kroxa
2015-12-22 13:32:29
да..тируу калышына ит себепкер болуптур да...иттен да томон мээлуу кээбир пенделер бар....
+1
Sobr777
2015-12-22 13:33:23
Эркек ит экенсин молодец. Анча мынча адам кылбаган ишти кылыптыр
+1
bolotbai3
2015-12-22 14:32:12
Жогоруда комментариий бергендер жалпак жожого айлантып жибериптир.
+1
bek123
2015-12-22 20:20:34
Иттин дос болгону жакшы , Адамдын иттик кылганы жаман да
0
_adil_
2015-12-23 05:46:53
Аллахтын кудуретида,
0
Oksan
2015-12-23 15:11:51
))))))))))),Жалпак жожо
0
samira8589
2015-12-23 17:29:18
Аллахтын айтканы болот, демек Аллахым итке ошондой буйрук бергендир,аныгын Аллах билет,бирок aza.kg007да туура айтат
0
Erniet
2015-12-25 04:43:32
Ооба адам баласынан откон ташбоор жан жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан