Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөбүздүн энергетиктерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу 22-декабрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу энергетиктер жана тармактын ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Энергетиктердин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Ушул жылы энергетиктер бизге чоң кубаныч тартуулашты, алар өлкөбүздүн энергетикалык эгемендигин камсыз кылууда маанилүү ишти аткарышты. “Датка-Кемин” 500 киловольт электр берүү линиясын ишке киргизүү менен өзүбүздүн энергетикалык алкакчаны түзүү боюнча эң татаал цикл аяктады. Өзүбүздүн энергетикалык дареметибизди чыңдоо тармакты мындан ары өнүктүрүүгө катуу түрткү берди.
Республикабыздын энергетиктери көп жылдар бою чечилбей келе жаткан кемчиликтерди жигердүүлүк менен жоё башташты. Энергетиктер тармактагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча дагы чараларды көрүп жатканын баамдап турабыз. Кыйынчылыктарга карабастан, акырындык менен болсо да бул багытта иштер аткарылууда.
Ошону менен катар энергетиктер жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды куруу, электр тармактарын жаңылоо, республикабыздын калкын жана экономикасынын тармактарын электр энергиясы менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу боюнча иштерди жүзөгө ашырып жатат. Бишкек шаарынын ЖЭБин жаңылоо боюнча чоң жумуштар аткарылып, Кара-Кечеде жылуулук электр станциясын куруу маселеси иштелип, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын куруу, CASA-1000 экспорттук долбоорун ишке ашыруу башталып, Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскадынын курулушу улантылууда. Элибиз өлкөбүздүн энергетиктеринин эмгегин жана аракетин жогору баалайт.
Албетте, энергетиктердин иши татаал, бирок элибиз мындан да татаал жагдайларга кабылууда. Энергетиктер элибиздин жыргалчылыгы жана өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн иштеп жатышканын жакшы түшүнөт. Чындыгында да энергетиктердин эмгеги өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын эли “энергетик” деген кесиптин мааниси жалпы өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүү менен тыгыз байланышта деп ишенет. Сиздерге чың ден соолук, бак-таалай, тынчтык, туруктуулук жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!"