Бишкекте кечээ коюлган эки бомба боюнча билдирүүлөр тастыкталган жок

Бишкекте кечээ, 21-декабрда коюлган эки бомба боюнча билдирүүлөр тастыкталган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ саат 13:00 чамасында Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерден жон баштыкты (рюкзак) көргөн жергиликтүү тургундар жардыруучу зат экен деп милицияга кабарлашкан.

"Бомба коюлган" делген жерге барган сапёрлор анын ичине таштанды толтурулганын аныкташкан. Ошондой эле кечээ "Улан-2 кичи районундагы үйлөрдүн бирине бомба коюлду" деген билдирүү келип түшкөн. Укук коргоо органдары ал жерге барып, күмөн жараткан баштыкты ачышкан. Анда суу толтурулган бөтөлкөлөр болгон”,- дешти басма сөз кызматтан.
Милициядан кошумчалашкандай, буга окшогон билдирүүлөр шаардыктардан айына 1-2 жолу түшүп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан