Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык балаты уюштурулду

Бишкекте 600 балага жаңы жылдык балаты уюштурулду. Муну шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Ленин районунун акимчилиги “Сейтек” балдар борборунда кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү. Ага 5 жаштан 14 жашка чейинки 600 бала катышты. Алардын 105и толук жетимдер, 150 баланын ата-энеси Апрель окуясында каза болгон же жаракат алган, 16 баланын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана 329у аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн. Салтанаттуу иш-чаранын жыйынтыгында балдарга таттуу белектер таратылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан