Өкмөт башчы "иштеп жаткан казинолор жок эмес, бар, бирок алар жашыруун иштеп жатышат" деди

"Иштеп жаткан казинолор жок эмес, бар, бирок алар жашыруун иштеп жатышат",- деп айтты өкмөт башчы Темир Сариев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында. Сариев 3 жеке турак жайдын ичинде жашыруун иштеп жаткан казино 3 апта мурун табылганын кошумчалады.

"Буга чейин жашыруун түрдө казинолор иштеп жатышканы айтылгандан кийин Каржы полициясына аларды таап чыгууну тапшыргам. Бирок таба алышкан эмес, жакында менин дарегиме сырдуу документ келип түштү. Анда 3 казинонун кайсы даректе иштеп жатканы көрсөтүлгөн. Алар жеке турак жайларына ачып алышыптыр. Ага 5-10 киши гана батат экен",- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан