Таш-Көмүр шаарында өрттүн кесепетинен турак жайсыз калган 32 жаранга ӨКМ тарабынан гуманитардык жардамдар жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен Таш-Көмүр шаарына жардам иретинде 11 куту тазалык каражаттары, 32 даана жууркан-төшөк, 11 даана брезент, 11 куту ашкана каражаттары, 32 даана ич кийимдер жана азык-түлүктөр жөнөтүлүүдө.
Айта кетсек, 20-декабрдын түнүндө Таш-Көмүр шаарынын Тынчтык аймактык башкармалыгына караштуу Некрасов көчөсүндөгү №6-барак тибиндеги 12 батирлүү үйдө өрт чыккан. Аны өчүрүүгө жана буюм-тайымдарды сактоого Таш-Көмүр шаарындагы ӨКМнын №57 жана №56-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 өрт өчүрүүчү унаа, №2-издөө-куткаруу отрядынан 26 куткаруучу, №6-тоо-кен кырсыгынан куткаруу взводунан 8 куткаруучу, ШИИБдин кызматкерлери жана 30га чукул жергиликтүү тургундар тартылып, өрт 21-декабрь күнү саат 09:10до толугу менен өчүрүлгөн.
Окуя учурунда 12 батирлүү үйдөн 9 үй-бүлөдөгү жалпы 25 киши эвакуацияланып, 2 адам мейманканага, 23ү туугандарынын жана кошуналарынын үйлөрүнө убактылуу жаткырылган.
Такталган маалыматтар боюнча, учурда аталган турак жайдын 11 батириндеги (бир батирде эч ким жашабайт) жалпы 32 жаран үй-жайсыз калды. Үй-жайсыз калган 32 адамдын 12си аял, 20сы эркек болсо, анын ичинен 5 мектеп жашындагы бала, 4 жашка чейинки 6 бала жана 3 кары бар.
22-декабрга карата жабырлануучулардын 11и мейманканага, калгандары туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылды. Мындан сырткары тамак-аш маселелерин чечүү Таш-Көмүр шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик департаментине милдеттендирилди. Ошондой эле жабырлануучуларды турак үй менен камсыз кылуу максатында Таш-Көмүр шаарындагы №111-кесиптик лицейдин жатаканасы оңдоодон өткөрүлүп жатат. Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.