2013-жылдагы жазгы талаа иштерине Нарын облусундагы айрым аймактар толук даяр эмес. 28-февралда бул маселенин чечилишин көзөмөлдөй турган штаб түзүлүп, ага өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Эмил Алымкулов дайындалган. Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылындагы “Береке-Биримдик” айыл чарба кооперативинин жетекчиси Токтосун Кулманбетов аталган райондогу бир катар айылдар дыйканчылык иштерине даяр эмес экендигин айтты. Анын айтымында, үрөн маселеси да учурда орчундуу болуп турат.