Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Бишкек эркин экономикалык аймагында көчмө жыйын өткөрдү.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, алгач депутаттар Бишкек эркин экономикалык аймагынын алкагындагы ишканалар менен таанышып, өндүрүлгөн продукциялардын сапатына көңүл бурушту. Бүгүнкү күндө Бишкек эркин экономикалык аймагында 40тан ашуун ишкана иштейт.
"Азыркы тапта аталган ишканалар өндүргөн товарларын ички жана тышкы базарларга сата албай келишет. Себеби Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулгандан бери эркин экономикалык аймагында өндүрүлгөн продукцияларга карата салык жана бажы төлөмдөрү төлөнө баштаган. Ушул жагдайга байланыштуу ишкана өкүлдөрүндө нааразычылыктар байкалууда. Бишкек ЭЭАнын ичиндеги ишкерлерге байланышкан мыйзамдын негизинде, кандай учур болбосун, аларга кыйынчылык жаралбашы керек эле",-дейт Бишкек эркин экономикалык аймагынын директору Дүйшөн Ирсалиев.
Белгилей кетсек, эркин экономикалык аймагындагы ишкерлердин кызыкчылыгын көздөгөн мыйзам мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Анда 2018-жылга чейин аталган аймактын карамагында иш алып барган компанияларга салык жана бажы төлөмдөрү боюнча жеңилдиктер берилген. Бүгүнкү күндө аймак ичиндеги ишканалар аталган төлөмдөрдөн кыйналып турганын белгилешүүдө.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө депутаттар ишкерлердин сунуш-пикирлерин угуп, алар талап кылып жаткан жагдайлар боюнча атайын комитеттин отурумун уюштурмай болушту.