Эртең, 23-декабрда Мамлекеттик салык кызматы Бишкекте «Салыкты так төлө. Пара бербе!» акциясын өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чараны Салык кызматы коррупцияга дуушар кылуучу себептерди жана анын шарттарын түп-тамырынан жоюуга багыттап өткөрүп жатат.
"Акция салык органдары тутумунда коррупция менен күрөшүү маселеси боюнча калктын кеңири катмарынын көңүлүн бурууга, салык органдарынын кызматкерлерине карата коомдо коррупциялык көрүнүштөргө чыдагыс мамиле кылууга багытталган. Ошону менен бирге жарандарды салыктарды коррупциялашкан салыкчылардын чөнтөгүнө салбастан, өлкөнүн бюджетине өз убагында жана толугу менен төлөөгө чакырат.
Иш-чаранын жүрүшүндө акцияга катышкан жарандарга сыйлуу беректерди берүү каралган",- делет маалыматта.