12-мартта Нарын шаарында киши өлтүрүү кылмышына шектелип 1989-жылы туулган Т. уулу Д. аттуу жаран кармалды. Учурда бул жарандын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирет Нарын ШИИБинин башчысы Мадланбек Турпанбаев. Күнөөлөнүп жаткан жаран 7-марттан 8-мартка караган түнү 1989-жылы туулган Т.А. аттуу жергиликтүү тургунга бычак сайган деп айыпталууда. Бычактан жаракат алган жаран ооруканадан көз жумган.