11 айда бюджеттер аралык трансферттер 2 миллиард сомдон ашык суммада каржыланды

Быйылкы жылдын январь-ноябрь аралыгында бюджеттер аралык трансферттер боюнча республикалык бюджеттин чыгымдары 2 миллиард 287,3 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, көрсөтүлгөн мезгилде теңдештирүүчү гранттар 1 миллиард 252,1 миллион сомду, республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү каражаттар 1 миллиард 35,2 миллион сомду түздү.

“Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан теңдештирүүчү гранттар, биринчи кезекте, корголгон беренелерди (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, медикаменттер, жөлөк пулдар) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого жумшалууга тийиш.

Быйыл теңдештирүүчү гранттардын жалпы көлөмү 1 миллиард 349 миллион 203,5 миң сом суммасында бекитилген.

Теңдештирүүчү гранттар – туруктуу социалдык-экономикалык абалды сактоо максатында минималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга ылайык, жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан