Темир Сариев Кыргыз Республикасынын энергетиктерин майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу 22-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы энергетика тармагы республиканын экономикасынын өзөгүн түзгөн тармак болуп саналарын белгилеп: "Сиздердин ар күнкү оор эмгегиңиздерди өлкөбүздүн мындан аркы өсүп-өнүгүшүнө кошкон маанилүү салымыңыздар деп эсептеймин. Энергетиктердин эптүү жана так ишинен улам коомдун бирден-бир бакубатчылыгына негиз түзүлүп, ар бир үйгө жылуулук жана жарык берилет",- деди.

"Калыптануу жылдары энергетикалык тармак көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрдү, айрым кыйынчылыктар бүгүнкү күндө да жок эмес. Ушуга карабастан тармак өнүгүп, өлкөнүн экономикасын колдоп келатат. Ушул өсүп-өнүгүүнүн татаал этабында алдыбыздагы жакынкы мезгилде отун-энергетикалык комплексинин финансылык-экономикалык абалын жакшыртуу, республиканын калкынын жана экономика тармактарынын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн энергосистеминин ишинин ишенимдүүлүгүн жана генерация кылуучу кубаттуулуктарды көбөйтүү милдеттери турат.

Үстүбүздөгү жыл энергосектордун тарыхында бурулуш мезгилдерден болуп калат: “Датка-Кемин” 500 кВ электр берүү линияларынын 500 кВ “Кемин” көмөк чордону менен курулушу бүтүп, бул 500 кВ электр тармагынын өзүбүзгө таандык алкагын түзүүгө жана республиканын энергиялык жактан көз карандысыздыгын камсыз кылууга жардам берди.

Урматтуу энергетиктер! Өлкөбүздүн жетекчилиги мындан ары да сиздерге энергетикалык комплекстин туруктуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу боюнча алдыга койгон милдеттерди ийгиликтүү чече алат деген ишенимин билдирет. Ушул күнү өлкөбүздүн энергетика системинин өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон энергетика тармагынын ардагерлерине терең ыраазычылык билдирип кетким келет. Алар түптөгөн пайдубалдын бекемдигинен улам бүгүн энергосекторубуз ийгиликтүү иштеп, өнүгүү жолунда турат",- деп айтылат премьер-министрдин куттуктоосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан