Эксперттер "өкмөт бюджет боюнча берилген сунуштарды аткарбайт" деп нааразы болушту

Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитет тарабынан "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Жыйын учурунда ар кыл багыттагы эксперттер 10 мүнөттөн баяндама жасашып, өз сунуштарын беришти.
Сот тармагы боюнча эксперт Рита Карасартова, "Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" кыймылынын жетекчиси Динара Ошурахунова бюджет долбоору боюнча угууларда 3-4 жылдан бери бир катар сунуштар айтылганы менен, анын ишке ашпай келгенин билдиришти. "Коомдук талкуу өтүп жатканы жакшы, бирок 3-4 жылдан бери берип келген сунуштарыбыз өкмөт тарабынан ишке ашырылган эмес",- дешти.

Айрымдары социалдык көйгөйлөргө токтолушса, айрымдары өкмөт ички чыгашаларды кыскартышы керектигин сунушташууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан