Эсептөө палатасы: “Келерки жылдын бюджетинин долбоору боюнча бюджетке түшүүчү каражаттардын азаюу тобокелчилиги бар”

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси менен бүгүн, 22-декабрда "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өтүп жатат. Жыйынга депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышууда.

Жыйын жүрүшүндө Эсептөө палатасынын өкүлү 2016-жылдын республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоорунда салыктык кирешелер 0,3 пайызга көбөйтүлгөндүгүн жана бул салыктык кыйынчылыктар өлкө үчүн көбөйөрүн билдирди. Ал мындан сырткары бюджет тартыштыгы ички дүң продукцияга карата 4,5 пайызга чейин төмөндөөрү белгиленгендигин, мыйзам долбоорунда орто мөөнөттүү мезгилге салыштырмалуу "Кумтөрдөн" түшүүчү төлөмдөр, бажы төлөмдөрү да төмөндөөрү көрсөтүлгөнүнө токтолду. Анын айтымында, мыйзам долбоору эски статистикалык маалыматтардын негизинде түзүлгөн. Минтип кете берсе, келерки жылдын бюджетинин долбоору боюнча бюджетке түшүүчү каражаттардын азаюу тобокелчилиги бар.

Ал Эсептөө палатасы күтүлбөгөн чыгашалар менен түшпөй калуучу каражаттар боюнча тобокелчиликтерди минималдаштырууну сунуштаарын ортого салды. “Негизги көңүлдү айрым түзүмдөрдү кармоонун максатуулугуна буруп, артыкчылык берилбеген чыгымдарды кийинкиге калтыруу керек. Ал эми зарыл мекемелерди каржылоону гана калтыруу максатка ылайык”,- дейт Эсептөө палатасынын өкүлү.

Каржы министринин Коомдук кеңешинин өкүлү мыйзам долбоорундагы бир катар пункттар жеткире иштелип чыкпаганын сынга алып, Жогорку Кеңешти, коомчулукту сыйлап, айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен долбоорго түзөтүү киргизүү өтүнүчүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан