Абхазияда бойдон алдырууга тыюу салынды. Бул тууралуу 22-декабрда аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Абхазия парламенти экинчи окууда Конституцияга өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, жасалма түрдө бойдон алдырууга болбойт. Ошол эле учурда бойго бүтүү эненин ден соолугуна зыян келтире турган учурда мыйзам кандай иштей турганы жазылган эмес.
Парламенттеги эркек депутаттардын айтымында, абортко тыюу салуу демографиялык абалды жакшыртат. Ал эми жалгыз аял депутат бул өзгөртүүлөргө каршы экенин билдирди. Анын айтымында, бул нерсе медицина тармагындагы коррупцияны күчөтүп, ошондой эле криминалдык абортторго алып келет. Бул өзгөртүүгө 29 депутат добуш берип, алардын 25и макул, 2 депутат каршы болсо, дагы 2 эл өкүлү добуш берүүдөн баш тартты.