Жылнаама, 23-декабрь: Мындан 2 жыл мурун советтик жана орусиялык конструктор Михаил Калашников 95 жаш курагында каза тапкан

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы 96 жаш курагында Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова дүйнө салган.
Ал 1917-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында туулган. Кыргыздар мурда өстүрүп көрбөгөн кант кызылчасын өстүрүп, 1941-жылы өзүнчө колхоздук бригада түзгөн. Ал эми кандуу согуштун каардуу жылдарында зор эмгек өтөгөн. Керимбүбү Шопокова башкарган бригада кант кызылчасынан жыл сайын жогорку түшүм жыйнап, өзүнүн кылган эмгеги менен 1946-жылы Ленин ордени, көп өтпөй Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1957-жылы Хрущёв Кремлде Социалисттик Эмгектин Баатырынын алтын жылдызын тапшырган, ал эми 1997-жылы 2-даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Керимбүбү Шопокова Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы болгон.

* Мындан 82 жыл мурун, 1933-жылы учурдагы дүйнө жүзүндө жалгыз император, Япониянын башкаруучусу Акихито Токиодо туулган. Акихито 1952-жылы Гакусюин университетинин саясат бөлүмүнө тапшырып, аны 1956-жылы мартта ийгиликтүү аяктаган. 1989-жылы 7-январда Акихито атасы каза болгондон кийин өлкөнүн императору деп жарыяланган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы “Форбс” журналынын эсеби боюнча, 2013-жылы эң көп акча иштеп тапкан адам 80 жаштагы америкалык миллиардер Шелдон Аделсон болуп чыккан. 2013-жылы анын кирешеси 15 миллиард долларга көбөйгөн. Лас-Вегастагы жана Сингапурдагы казинолор жана мейманканалар тармагынын ээси Шелдондун бир күндүк кирешеси 41 миллион доллар чамасында болгон. Анын байлыгы жалпысынан 37 миллиард доллар деп бааланган.
Рейтингдин экинчи орунунда Facebook социалдык тармагынын түзүүчүсү, 29 жаштагы Марк Цукерберг жайгашкан. 2013-жылы анын капиталы 13,6 миллиард долларга көбөйүп, жалпы капиталы 25,8 миллиард долларга барабар болгон.
Үчүнчү орунду дүйнөдөгү эң ири "Amazon" онлайн-ритейлеринин негиздөөчүсү жана аткаруучу директору, 49 жаштагы Жефф Безос ээлеген. 2013-жылы ал 13,3 миллиард доллар киреше тапкан.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы советтик жана орусиялык конструктор Михаил Калашников 95 жаш курагында каза болгон. Маалыматка ылайык, 17-ноябрда ал ашказандагы кан агуу диагнозу менен госпиталга жаткан.
Михаил Калашников – автоматтык атуучу курал системинин автору. Бул систем бүгүнкү күнгө чейин эң мыкты деп саналып келет. Калашниковдун 30 жыл мурун айтылган "эгер кимдир бирөө меникинен да сонун автомат ойлоп чыгарса, мен аны менен биринчи барып учурашам" деген сөзү канаттуу сөзгө айланган.
Михаил Калашников өзүнүн белгилүү АК-47 автоматын 1947-жылы конструкциялаган. Азыркы учурда Калашников автоматтары 100дөн ашык өлкөлөрдүн күч түзүмдөрүндө колдонулат жана 20-кылымдын эң көрүнүктүү ойлоп чыгарылган нерселеринин бири болуп саналып келет.
Михаил Калашников көптөгөн автобиографиялык китептерди жазган жана карыган кезге чейин заводдогу башкы конструктор кызматында иштеген. Орусиянын Баатыры Калашников эки ирет "Социалисттик Эмгектин Баатыры" наамын алган жалгыз адам болуп саналат.

23-декабрда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан