Бишкектин Ленин райондук администрациясы «Жаңы жыл сенин корооңдо» акциясынын алкагында «Жаңы жыл жаркырап келе жатат» деген аталышта майрамдык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу 22-декабрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Ленин райондук администрациясынын башчысы Аскар уулу Мирлан жана вице-мэр Геннадий Милицкий катышты. Балдардын майрамына Аяз ата, Аяз кыз жана жомоктун каармандары катышып, концерттик программа жана цирктик көрсөтүүлөр тартууланып, кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда өттү. 23-декабрдан баштап жаңы жылдык майрамдар көп кабаттуу үйлөрдүн жана райондун турак массивдеринде өткөрүлөт.