Орусияга каршы санкцияларды кеңейткен АКШга Москва жооп кайтарат

Орусияга каршы санкцияларды кеңейткен АКШга Москва жооп кайтарат. Муну 22-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирип, АКШнын мындай аракетин "достук чийининен чыккан чечим" деп атады. "Бул логикага туура келбеген жана кастык мамиленин уланышы. Эки тараптуу кызматташтыкка доо кетире турган багыттын уландысы. Мындай чечим орусиялык тараптан анализденип, тийиштүү чаралар көрүлөт",- деди Песков.

АКШ кечээ бир катар орусиялык жана украиналык компанияларга карата санкциялардын тизмесин кеңейткен. Мунун ичинде банктар, заводдор жана башкалар бар.

Эскерте кетсек, АКШ жана айрым батыш өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды киргизүүнү 2014-жылдын мартында, Украинанын чыгышындагы окуялар, Орусия Крымды өзүнө кошуп алгандан кийин баштаган. Санкциялар негизинен энергетикалык жана каржылык тармактарды камтыйт. Чектөөлөрдү бир жылга кармоо чечимин алгач АКШ, анын артынан Евросоюз кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан