Парламент 2014-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчётту бекитүү боюнча мыйзам долбоорун добуш берүүгө жөнөттү

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңеште өлкө бюджетине тийиштүү мыйзам долбоорлору 2-окууда каралууда. Депутаттар алгач “Кыргыз Республикасынын 2014-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоорун экинчи окууда карап чыгышты.

Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев 2014-жылдын бюджетин аткаруунун жүрүшүндө 311 миллион сом өлчөмүндө бюджеттик каржы тартибин бузуу катталганын, атайын каражаттар жаатында да талаштуу маселелер бар экенин билдирди. Анын айтымында, өкмөт айтылган сын-пикирлерди иликтеп чыгып, тийиштүү чараларды көрүү менен 2016-жылдын май айына чейин кетирилген кемчиликтердин жоюлуу абалы боюнча кошумча маалымат берүүгө тийиш.

Жыйынтыгында мыйзамдын долбоору экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан