Бишкектеги жаңы конушта өрттөнгөн турак жайдын ичинен адамдын жансыз денеси табылды

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, Бишкекте 3, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3, Нарын облусунда 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 3 жана Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

"Бишкектин Дордой-1 жаңы конушунда турак жай толугу менен өрттөнүп, ичинен адамдын жансыз денеси табылган. Анын өздүгүн милиция кызматкерлери аныкташууда. Мындан тышкары Ош шаарында Шейит-Дөбө аймагында жайгашкан үйдүн чатыры, жыгач полу жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрт кырсыктарынын пайда болушунун себептери такталууда",- деп билдирет мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан