Депутаттар Темир Сариевден "Буга чейин иштеп кеткен 27 өкмөт башчы бирден маселени чечсе, 27 маселе чечилмек. Сиз эмнени чечейин деп жатасыз?" деп сурашты

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Акылбек Жапаров өкмөт башчы Темир Сариевге "Буга чейин иштеп кеткен 27 өкмөт башчы бирден маселени чечсе, 27 маселе чечилмек. Сиз эмнени чечейин деп жатасыз?" деп суроо салды. Жапаровдун айтымында, өкмөт приоритеттүү багытты алдына коюп, анын үстүнөн тынымсыз иш алып баруусу зарыл.

Темир Сариев: "Бардык тармакты өнүктүрүү керек. Бирин алып кетип, бирин таштап койгонго болбойт. Өкмөттүн ишин алдыга алып кете турган приоритеттүү багыттар бар, аларга басым жасап жатабыз. Ал багыттар өнүктүрүү программасында камтылган",- деп жооп берди.

Жыйында "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору 2-окууда каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан