Эртең Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрөт

Эртең, 24-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жыйында өлкө башчы быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат берет жана журналисттердин суроолоруна жооп берет. Иш-чарага 76 жергиликтүү жана чет өлкөлүк массалык маалымат каражаттарынан 140тан ашуун журналисттин катышары пландалууда.

Айта кетсек, 2014-жылдагы жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында 60 ММКдан 70тен ашуун журналист катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан