20-декабрь күнү эртең менен Кытайдын Шэнчжэнь шаарында жер көчкү орун алып, 33 имаратка чоң зыян алып келген. Алдын ала маалыматтар боюнча, 70ке чукул адам дайынсыз жоголгон. Андан бери көп убакыт өткөндүктөн, алардын тирүү табыларынан көпчүлүк үмүт үзүп койду. Жер көчкүдөн кийин 60 саат өткөндө 19 жаштагы жаран тирүү табылды. Бул тууралуу кытайлык басылмалар кабарлашууда.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар урандылардын арасынан 19 жаштагы жаранды тирүү таап чыгышты. Ал учурда ооруканага жеткирилди. Абалы жакшы экендиги айтылууда. Калыпка келтирүү, дайынсыз жоголгондорду издөө жана куткаруу иштерине 3 миңдей жергиликтүү тургун тартылган.