Бүгүн, 23-декабрда саат 08:00 чамасында Токтогул суу-электр станциясында авария орун алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токтогул ГЭСинде экинчи гидроагрегаттын трансформаторунун авариялык өчүрүлүшү болду. "Учурда ал жерде адистер ыкчам иштерди жүргүзүп, себебин такташууда. Станцияда жумуш режими калыбына келтирилди. Кардарлар резервдик схема менен электр энергиясы менен камсыздалышты. Авариянын себеби кийинчерээк жарыяланат",- дешти мекемеден.