Бишкек-Жалал-Абад аба каттамы 28-декабрдан тарта кайра жанданат. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Тайырбек Чойбеков билдирди. Анын айтымында, эки тараптуу авиакаттам жумасына бир жолу жүрүп турат.
“Анын баасы 2500 сомду түзөт. Жалал-Абаддагы аэропорттун иши былтыр октябрь айында учуу тилкесинин кыскалыгы жана айрым техникалык жагдайлардан улам токтотулган. Учурда аба майданы аэропорттун жетекчилиги тарабынан оңдоп-түзөөдөн өтүп, кайра ишке берилгени турат”,-деди вице-мэр.