Депутат Жамалдинов парламентте "350 эшектин эти кайрадан тамак-ашка кошулуп кетпейби?" деп тынчсызданды

Жогорку Кеңештин 23-декабрдагы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов "Ноокаттагы 350 эшектин эти кайрадан тамак-ашка кошулуп кетпейби?" деп тынчсызданды. Депутат жыйында өкмөт башчы Темир Сариевге кайрылып: "Ноокатта бир апта мурун багылып жаткан 350 эшекти ээси башка тарапка жүктөп кетиптир, бирок учурда кайда экени белгисиз. Ушул маселеге өкмөт көңүл буруш керек. Эртең дагы Сокулук районундагы эшектердин эттери сыяктуу тамак-ашка аралашып кетсе эмне болот?"- деди.

Өкмөт башчы бул маселенин үстүнөн Мамлекеттик ветеринардык инспекция иш алып бара турганын белгиледи. "Бизде эшек этин жегенге болбойт, ал арам. Ал эми эшектерди бир жерге топтоп, башка жакка алып чыгып кетүүгө же алып сатууга тыюу салынган эмес",- деди Сариев.

18-декабрда SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу "Ноокаттан эшектерди Ош - Эркеч-Там жолунун 28-чакырымындагы мал багуучу жайга алып келишүүдө" деп билдирген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан