Бишкектеги Ак-Ордо конушунда "Жаңы жыл сенин корооңдо" акциясынын алкагында жаңы жылдык иш-чара уюштурулду. Анда Аяз ата жана Аяз кыздын катышуусунда жергиликтүү тургундарга майрамдык маанай тартууланды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жаш балдар четте карап турбай, Аяз атага ырларды айтып беришти. Ошондой эле ата-энелердин көмөгү астында сатылып алынган белектер, таттуулар балдарга таратылды.