Өкмөткө “Кумтөр” долбоору боюнча талаш-тартыштарды чечүү чараларын тездетүү маселеси коюлду

23-декабрда Жогорку Кеңеште депутаттар "Кумтөр" маселесине токтолушуп, өкмөткө “Кумтөр” долбоору боюнча талаш-тартыштарды чечүү чараларын тездетүү маселесин коюшту.

Өкмөт башчынын айтымында, Директорлор кеңешиндеги кыргыз өкүлдөрүнүн каршы болгонуна карабай кошумча эмиссия жүргүзүү боюнча чечим кабыл алышкан. "Биздин аталган кеңеште 3 мүчөбүз болсо, алардыкы 7. Ошондуктан биздин өкүлдөр каршы чыкса да кабыл алынып калган. Биз жаңы долбоор сунуштап, башкаруу саясатын колубузга алышыбыз керек. Ошону менен катар кызыкчылыгыбызды толук коргогондой болушубуз керек”,- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан