Жогорку Кеңештин 23-декабрдагы жыйынында депутат Дастан Жумабеков өкмөткө мамлекетти каатчылыктан чыгарып кетүүнүн жолун сунуштады. Анын билдиришинче, өлкөдө газ, нефть жок болгону менен, башка жолу бар.
"Өкмөт бюджеттин чыгашасынын бештен бир бөлүгүн сырттан алынган насыянын негизинде жаап жатат. Эртең доллардын курсу көтөрүлсө, карыздын деңгээли дагы өсөт. Алынган насыяны натыйжалуу пайдаланып, кайра акча алып келчү жактарга жумшашыбыз керек. Жок дегенде сырттан алынып келген унааларга тетиктер бизден чыкса болот эле. Өз экономикабызды ушинтип көтөрбөсөк, кризистен чыга албайбыз. Өлкө жарандары татыктуу жашашы керек. Кийинки муун биздин карызды төлөйбүз деп кыйналышпасынчы",- деди Жумабеков.