Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкери, милициянын ага лейтенанты жогорку билими жөнүндө жасалма диплом колдонгону аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2011-жылы милициянын ага лейтенанты М.А. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөш үчүн 2010-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономикалык факультетин бүтүргөндүгү жөнүндө жасалма диплом колдонгон, бирок ал ЖОЖдо окуган эмес.
Бул факт боюнча Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде Талас облусунун прокуратурасы “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду.
Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.