Темир Сариев: "Токтогул ГЭСинин апрель айында оңдолгон агрегаты аварияга учурады, бирок бардык жерде электр энергиясы бар"

Бүгүн, 23-декабрда саат 08:00 чамасында Токтогул суу-электр станциясында авария орун алып, станциянын иши кыска убакытка токтогон. Жогорку Кеңеште депутаттарга өкмөт башчы Темир Сариев маалымат берди. Сариевдин билдиришинче, Токтогул ГЭСинин апрель айында оңдолуп, ишке берилген агрегаты аварияга учураган.

"Мен бул жерде болуп калып, кыскача гана маалымат алдым. Энергетиктердин берген маалыматы боюнча, Украинадагы трансформатор заводунан чыккан агрегат түтөп, майы агып кетиптир. Авариялык коргоо болуп, чектөөлөр киргизилген. 1-2-агрегат ишке кирип, азыр 3-агрегат ишке киргени жатат. Ал агрегат украиналык завод менен келишим түрдө оңдолуп келген. Бир жылдын кепилдиги бар болгондуктан, кокустан оңдотуу керек болсо, оңдотобуз. Өлкө аймагында толугу менен жарык бар",- деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан