2015-жылдагы республикалык бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун парламент 3-окууда добуш берүүгө жөнөттү

Жогорку Кеңештин депутаттары "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун талкуулап, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүштү.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар тарабынан бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана өз багытында пайдалануу, мамлекеттик органдардын чыгымдарын кыскартуу, бөлүнгөн каржынын жумшалуу жүрүмүн көзөмөлдөө, калктын чабал катмарынын социалдык жактан корголушун каржылоо абалын жакшыртуу, тыштан карыз алууну азайтуу сунуштары айтылды.

Андан сырткары өкмөткө өлкө экономикасынын ички жана тышкы мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу, импорт менен экспорттун көлөмүн көтөрүүгө өзгөчө көңүл буруу аркылуу салыктык жана бажылык кирешелерди арттыруу, республикалык бюджеттин аткарылуу жүрүмүнө көзөмөлдү күчөтүү, Эсептөө палатасынын мыйзам долбоору боюнча сунуштамаларын кынтыксыз аткаруу тапшырмалары берилди.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, бюджеттин киреше бөлүгү 6 миллиард 46 миллион сомго көбөйтүлүү менен жалпы бюджет 117 миллиард 577 миллион сом көлөмүндө аныкталууда. Анын ичинде салыктык киреше 74 миллиард 712 миллион сомду түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 5 миллиард 154 миллион сомго азайды. Тескерисинче, салыктык эмес киреше көлөмү 31 миллиард 130 миллион сомду түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 10 миллиард 644 миллион сомго көбөйдү.

Ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгү 133 миллиард 636 миллион сомду же ички дүң өнүмдүн 30,5 пайызын түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 3 миллиард 222 миллион сомго азая турганы белгилүү болду. Өлкөнүн мамлекеттик карызы 3 миллиард 630 миллион доллар өлчөмүндө белгиленип, ал ички дүң өнүмдүн 58 пайызын түзөт. Доллар кунунун кескин өскөнүнө байланыштуу быйылкы карыздарды төлөө үчүн каралган каржы көлөмү 345 миллион сомго көбөйдү.

Белгилей кетчү жагдай, доллар куну кескин көтөрүлүп, улуттук валюта куну төмөн түшүп кеткенинен улам бюджеттин киреше бөлүгү болжол менен 200 миллион сомго азайганы белгилүү болду. Ошондой эле салыктык кирешенин көлөмү да мурда такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 5 миллиард 154 миллион сомго азайды. Ал эми бюджет тартыштыгы 16 миллиард сомду түзүп, аны жабуунун ички жана тышкы булактары негизинен аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан