"Эки-үч адамдын сунушу менен Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюп салдыңар эле, эми минтип авария болуп отурат" деди депутат Шадиев

"Эки-үч адамдын сунушу менен Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюп салдыңар эле, эми минтип авария болуп отурат",- деп айтты депутат Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында. Шадиев өкмөт башчы Токтогул ГЭСинин бүгүн аварияга учураган агрегаты боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алышы керектигине токтолду.

Ошондой эле ал аталган тармакта кадрдык баш аламандык орун алып жатканы ушул жыйынтыкка алып келгенин кошумчалады.

Өкмөт башчы Темир Сариев өз учурунда Токтогул ГЭСиндеги бүгүнкү авария боюнча маалымат берип, бирок депутаттар канааттанышкан жок. Натыйжада 24-декабрда толук маалымат бериле турган болду.

Эскерте кетсек, бүгүн, 23-декабрда саат 08:00 чамасында Токтогул ГЭСинин апрель айында оңдолуп, ишке берилген агрегаты аварияга учураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан