Удмуртиянын Ижевск шаарында 55 жаштагы аял 170 миң рубль салынган пирожокторду көрүстөнгө алып барып көмгөн. Аны ушуга көндүрүп алдап кеткен деп 33 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар бүгүн, 23-декарбда жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, аталган шаардын жашоочусу гезиттердин биринен “экстрасенс” берген жарнаманы окуп, аны менен байланышкан. Ал аял менен жабырлануучу 13 пирожок жасашкан. Алардын ар биринин ичине 13 миң рублдан салып, көрүстөнгө көмүшкөн. “Көзү ачык” “бир нече күндөн кийин жакшы жыйынтык чыгат” дегени менен, эч нерсе өзгөрбөгөндө жабырлануучу алданып калганын түшүнүп, укук коргоо органдарына кайрылган.
Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголду. Полициянын маалыматына ылайык, Москвада бир эле күндө өзүн көзү ачык катары тааныштырып, элди алдап жүргөн 7 адам кармалган. Алар телефон аркылуу сеанс өткөрүп, кардарлардан акча талап кылышчу. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 7 миллион рублдан ашкан.