Депутаттар мамлекетке караштуу имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын 70 пайызын бюджетке төгүүгө багытталган мыйзам долбооруна каршы чыгышты

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңеште мамлекетке караштуу имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын бөлүнүү жол-жоболорун кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзамдын долбоору каралып жатат. Ал үчүн “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө” жана “Маданият жөнүндө” мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.

Иштеп жаткан мыйзамда маданият мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттын 30 пайызы республикалык бюджетке, ал эми 70 пайызы ошол имараттарга жумшалып келген. Азыр өкмөт ал каражаттын 70 пайызын өкмөткө алууну сунуштап жатат.

Талкууда депутаттардын көпчүлүгү буга каршы чыгышууда. Депутат Садык Шер-Нияз, тескерисинче, каражат бөлүштүрүүнү мурдагыдай калтыруу керектигин айтты. "Өкмөт аймактардагы бир кинотеатрды оңдоодон өткөрдүбү? Жок, бир дагы заманбап кинотеатр жок. Анан эми минтип түшкөн каражатын талашып жатасыңар. Маданиятка тийишпей эле койгулачы",- деди Шер-Нияз.

Анын пикирин башка депутаттар да колдоого алышып, мыйзам долбоорун комитетке кайтарууну айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан